"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Туран" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун камалганы боюнча пикирин билдирди.
"Жеңиш Молдокматовду октябрь окуяларына байланыштырып камаганы жөн гана шылтоо. Ал азаматыбызды чек ара боюнча ыңгайсыз суроо берип, аны жетектеген инсандардын отставкасын талап кылып, Баткенге жетип барып, болгон окуя, кырдаалды бүтүндөй Кыргызстанга ачык-айкын чагылдырып коюшу камалышына себеп болду",- деди Мадумаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн