Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин отурумунда УКМК аны тыңшап жатканын билдирди.
Анын айтымында, УКМК мыйзамсыз ишке барып жатат.
"Мен кечинде бир кафеге ооз ачканга барсам, желдеткичке тыңшоо орнотуптур. Келгиле ошол аппараттарды менин чөнтөгүмө салып бергиле. 24 саат бою катуураак сүйлөйүн",- деди Мадумаров.
Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары Мадумаровдун айыптоосун четке какты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн