Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 00:17
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Адахан Мадумаровдун иши. Депутат ооруканага жеткирилди

26.09.2023 14:47
614
Адахан Мадумаровдун иши. Депутат ооруканага жеткирилди


Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров УКМКнын СИЗОсунан ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Гуляна Убулаева 24.kg агенттигине билдирген.


Анын айтымында, саясатчыны бүгүн алып кетишкен.


«Бирок дарыгерлер ага кандай диагноз коюшканы азырынча белгисиз», - деп түшүндүрдү адвокат.


Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын СИЗОсунун башчысы эл өкүлүн ооруканага жаткыруу өтүнүчүн четке каккан.


Эске сала кетсек, Адахан Мадумаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган. 2-сентябрда ал кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн