Жогорку Кеңештин депутаты, Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 18-январда кайрадан Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу кечээ Мадумаров бүгүн дагы суракка чакырылганын билдирген.
Ал эми 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Исхак Масалиев дагы суракка чакырылганын жазды.
Масалиев кайсы иш боюнча чакырылганы азырынча белгисиз. Ал эми Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча суралууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн