«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 21-январь саат 15:00го Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.
Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин төрт жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу сурак берүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн