Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Гуляна Убалиева билдирди.
Адвокаттын айтымында, ал азырынча кылмыш ишинин материалдары менен тааныша элек. Тергөөчү адвокатка иштин купуялыгын айтып, иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген эмес.
«Мен кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн сотко арыз жазууну көздөп жатам. Адахан Мадумаровдун айтымында, ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда. Иш 2009-жылы Хожентте кол коюлган протоколго тиешелүү», - деди Гуляна Убалиева.
Эске сала кетсек, буга чейин парламент депутат Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. Кеп 2009-жылы Хожентте кол коюлган протоколго тиешелүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн