Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 06:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу тергөө аяктады

25.01.2022 17:34
2340
Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу тергөө аяктады

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол койгон протоколу тууралуу тергөө иши аяктады. Бул тууралуу Мадумаров бүгүн, 25-январда Башкы прокуратурага сурак берип чыккандан кийин билдирди.


"Тергөө иштери бүттү деди. Эми качан келеримди телефон аркылуу байланышып айтышат.

Мени колдоп келген баарыңыздарга ыраазычылык билдирем",- деди депутат Мадумаров.


Эскерте кетсек, Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2009-жылы кол койгон протоколу боюнча Башкы прокуратурага 7 жолу сурак берди.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
А.Бека
убакыт көргөзөт сүйүнүүгө эрте
Шарип
Сени шакылдатбастан камап салыш керек эле .
Нургазы Нишанов
Ар дайым аман болунуз Адахан Кимсанбаевич , ак ийилет бирок сынбайт.
Асыл
Саясий куугунтук болуп келген Атамбаевдин убагындан беери