Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 18:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн жок

20.09.2023 11:39
430
Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн жок


“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын өтүнүчү менен 20-сентябрда парламенттин депутаттары депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзө башташты.


Ал 2-сентябрда кармалган. Ага чыккынчылык кылган деген айып тагылган.


Комиссиянын курамына:

- «Альянс» фракциясынан - Жанар Акаев

- "Ыйман Нуру" фракциясынан - Султанбай Айжигитов

- "Ынтымак" фракциясынан - Шараптакан Мажитова

- "Элдик" депутаттык тобунан - Жалолидин Нурбаев

- "Ишеним" фракциясынан - Айсара Абдибаева

- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Гуля Кожокулова.


“Мекенчил” менен “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы комиссияга өз дерутаттарын комиссиянын курамына көрсөткөн жок.


Комиссия түзүү үчүн анын курамына 7 адам кириши керек, азыр 6 гана адам, деп белгиледи вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.


Дастан Бекешев комиссияга кире турганын билдирди.


Комиссиянын курамы жана түзүлүшү үчүн 40 депутат, ал эми 11 депутат каршы добуш берди. Парламенттин оң чечими үчүн 46 добуш топтолушу керек. Комиссия түзүлгөн жок, деп билдирди Нурбек Сыдыгалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн