Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 17:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Адахан Мадумаровдун кеңешчиси менен жардамчысына иш козголуп, кызматынан бошотулду

01.12.2022 13:39
998
Адахан Мадумаровдун кеңешчиси менен жардамчысына иш козголуп, кызматынан бошотулду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн КР Жогорку Кеңешине мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган, Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган, Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана А.Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК А.Кулмурзаевага, А.Алибаевага жана А.Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. А.Алибаева менен А.Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен А.Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн