Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Адахан Мадумаровдун протокол иши боюнча Игорь Чудинов сурак берди

01.02.2022 13:34
721
Адахан Мадумаровдун протокол иши боюнча Игорь Чудинов сурак берди

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов Башкы прокуратурага сурак берди. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, Адахан Мадумаровдун иши боюнча тергөө иши уланууда. Игорь Чудиновдон сырткары, 2009-жылы Баткен облусуна делегация болуп барган бардык өкмөт мүчөлөрү сурак берери белгилүү болду.

Делегация курамындагы мурдагы транспорт жана коммуникация министри, азыркы учурда Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов дагы сурак берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн