Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Мадумаров “Азаттык” радиосунун журналистинин суроолоруна жооп берип жатып, муну “жүз пайыз саясий иш” деп атады.
Депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн