Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Адам өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн спортчу кармалды

28.05.2020 17:48
1215
Адам өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн спортчу кармалды


Милиция тарабынан издөөдө жүргөн Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 28-май күнү Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, адам өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Эске салсак, 8-марттан 9-мартка караган түнү саат 02:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 29 жаштагы И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы белгисиз 20-25 жаштагы кара түстөгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны башкарган адам сөз талашып, аягында ур-токмокко алып денесине залал келтирген.


Натыйжада И.С. алган жаракаттан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 10-март күнү эсине келбей каза болгон.


Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну Абдурайимов Шухратбек экени жана спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөнү такталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн