Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан спортчуга милиция издөө салды

20.05.2020 18:57
1107
Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан спортчуга милиция издөө салды


Жалал-Абад ШИИБи 29 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү жаранды издейт. Бул тууралуу аталган облустун милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 8-марттан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 29 жаштагы И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы белгисиз 20-25 жаштагы кара түстөгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны башкарган атуул сөз талашып, уруп денесине залал келтирген.


Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 10-март күнү ооруканда жаткан И.С. денесинен алган жараатынан улам эсин жоготкон абалда каза болгон.


Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну Абдурайимов Шухратбек Бахадрович экени жана спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөндүгү такталган.


Бирок аталган окуяга шектелген Абдурайимов Шухратбек Бахадрович жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, 13-март күнү кармалган жеринен камакка алуу өтүнүчү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан канааттандырылган. Мындан улам Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болуп калса милиция 03722 102; 0555 102-305; 0777 59-59-59 телефондоруна билдирип коюуну суранат. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн