23-майда Ирандын Хузестан провинциясынын борбору Абадан шаарында 10 кабаттуу имарат урады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалым болгондой, имаратта бир канча кеңселер жайгашкан. Кызматкерлер иштеп жаткан учурда имарат урай баштаган.
Белгилүү болгондой, 7 адам каза болгон, 80дей адам жабыркаган.
Мындан сырткары, урандынын астында дагы адамдар болушу мүмкүн экени айтылууда.
Ал эми имаратта калган жумушчуларды куткаруу улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн