“Мы обязательно найдем черную кошку в темной комнате, даже если ее там нет”
(Тенгиз Абуладзе. Фильм “Покаяние”)
Кыргызстан эгемен мамлекет болгону анын башынан өтүп жаткан процесстерди тиешелүү деңгээлде көркөм чагылдыруу вазийпасы аксап келатканы көптөн бери эле айтылып келатат. Бул маселени актуалдуу кылып турган үч жагдай бар.
Биринчиден, өз мезгилин аңдай албаган адабият учур талабынан кыйла алыстайт, анын ордун башка идеялар, идеалдар, суроолор, демек ошого жараша жооптор да ээлей баштайт. Башкалардын реалдуулугу өз чындыгыңдан маанилүү көрүнүп, элиң ошолорго аргасыздан тартыла баштайт. Бул жагынан 30 жыл ичинде адабиятыбыз замандын орчундуу суроолоруна көп учурда жооп таба албагандыгы, аныгында издебегени да коомубуз диний, маданий, идеялык жагынан башка өлкөлөрдүн иримине тартылып кеткенине чоң себеп болуп калганын моюнга алыш керек. Экинчиден, айрым өлкөлөрдүн чындыгы көрсөтүп тургандай, коомдук аң-сезим өткөн кылымдарда же өз ара келише бербеген доорлордун лабиринтинде кала бериши да коркунучтуу. Андай коом бара турган багытын жоготот, кандай жашоону каалай турганын өзү билбей калат. Чоңураактары илгерки же жакынкы эрдигин көксөп, дат баскан куралы менен “Можем повторить!” деп жин тийгендей сыртка атырылышы мүмкүн. Чаканыраактары көп кылым мурунку бабаларынын эрдиги азыркы тапта курал болуп бере албай атканын көргөн соң колун шилтеп эл катары чачырап кетүү коркунучу бар.
Үчүнчүдөн, мындай шартта адабиятта пайда болгон элдир-селдир идеал сөрөйлөр (ууру-кескилер, шылуундар ж. б.) элдин бир бөлүгүн чындап эле имерип, ого бетер табитин бузушу ыктымал. Анын баары болуп да жатат.
Ушул кенемтени эске алганда, Арслан Койчиевдин “Добул-таштык “Заратустранын” аңгемеси” аттуу китеби – Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдардагы айрым көрүнүштөрдү дүйнөлүк тарыхтын контекстинде көркөм чагылдыруу аракеттеринин бири. Медиадагы талкууларга караганда, жанры жагынан адабият адистеринин ар кыл пикирин жаратып келаткан чыгарма. Себеби бири аны повесть десе, башкасы роман деп баа берүүдө. Ал боюнча талаштарга токтолуп отурбастан, автордун аракети канчалык ийгиликтүү ишке ашканын кеп кылардан мурун сөз болуп жаткан китептин сюжеттик сызыгын кыскача эске сала кетели.
Окуя Кыргызстан бөлүнүп чыккан алгачкы жылдарда археологдор таап алган сөөктү божомолдон улам “репрессия курмандыктарынын бири экен” деп жарыялап жиберген журналисттин тегерегинде өнүгөт. Бул кабардан чочуган НКВДнын пенсиядагы ардагери кандуу жылдардагы өз кылмыштары эсине түшүп, шакирттери аркылуу журналисттин сары изине чөп салат. Табылган сөөктү адегенде Заратуштра заманына туура келет экен деген жыйынтык чыгарылып, ага скелеттин ээси болгон адамдын арбагы каяша айтып, өз чындыгын баяндайт. Анын баяны жомок жазганы үчүн айдалып кеткен белгисиз кыргыздын уламышына үндөш. Репрессия убагында ардагер чекист атып салган жөөт улутундагы окумуштуунун уулу Кыргызстанга келмекчи болуп, атасы убагында чоң египтолог болгонун билдирет. Аны эстеген мурдагы чекисттин көз алдына бул илимпоз өлүм алдында “Моисей – кан ички жана ууру” деп кыйкырганы элестейт. Моисей тууралуу уламыш дүйнөлүк диндерде айтылган гуманисттик идеалдардан ажырап, жөөт эли пир туткан пайгамбар коңшулаш элди тукум курут кырып салган, таш боордугу Гитлерден, Чыңгыз хандан, Сталинден ашса ашып, асты кем калбаган зулум катары сүрөттөлөт. Чыгарма чекисттер тарабынан уюшулган операциянын натыйжасында журналисттин өлүмү менен аяктайт. Кыскасы, окуялардын жүрүшү окурманды кайдыгер калтырбайт, улам жаңы линия чыгып, арбап жүрүп отурат. Бул жагынан китеп кыйла кызыктуу.
Көрүнүп тургандай, чыгарманын композициясы көп катмардуу – анда СССР жаңыдан тараган кездеги реалдуулук да, тарых да, мифология да бар. Бул катмарларды бир эсе окуялардын байланышы өз ара чиелештирсе, бир эсе адам баласынын ынтымакта жашай албаган өзүмчүл, тажаал мүнөзү тууралуу ой толгоолор цементтеп турат. Айрым каармандардын образдары (мисалы журналист, көзү ачык, байыркы мадиандардын олуясы) кыйла деталдуу ачылса, башкалары (мисалы ардагер чекист жана анын шакирти) реалдуулуктан кыйла алыстап кеткендей, стереотиптердин туткунунда калгандай.
Жалпысынан китепти окуп чыккандан кийин чү дегенде эле ойго келген нерсе – бул китеп бери дегенде 20 жыл кечигип чыкканы. Анткени чыгармада сүрөттөлүп жаткан атмосфера СССР жаңыдан тарап жаткан убакты эске салат. Болбосо башкасын кой, улуттук адабияттын сыймыгы Чыңгыз Айтматов өзү барып атын койгон Ата Бейит небак ачылып, аздыр-көптүр тарыхый баасын алганы качан? 2010-жылдын окуяларынан кийин анын мааниси ого бетер тереңдеп, өлкөдө демократия үчүн күрөшкөндөрдүн символуна айланып келаткан да жайы бар. Албетте, өлкө башчылары, саясий чөйрө, калайык калк өзү да андай окуялардан канчалык сабак алганы башка кеп, узун сөзгө татый турган чоң тема. Ошентсе да Кыргызстан жаңыдан эгемендик алган жылдардагы мезгилге тыгылып калгандай бул чыгарма же глобалдык масштабда бийликтин табиятындагы айрым өңүттөрдү жаңыдан ачып берсе, же автор үчүн китепте чоң роль ойногон сталинчил саясаттын себеп-натыйжа байланыштарын алда канча реалисттик нукта, адамдын аң-сезиминин эволюциясы аркылуу кеңири чагылдырса жарашмак. Менин жеке баамымда, бул эки маселе тең жетиштүү даражада чечилген эмес.
Эсеби маселен, партократтардын образын совет мезгилинин шартында эле Чыңгыз Айтматов өзү “булгаары чапан кийген жаңы манап” Сегизбаевдердин образы аркылуу кыйла ийгиликтүү ача баштаган. Ал кийинки чыгармаларындагы лейтенант Таңсыкбаевди органикалуу түрдө жаратканын көрөбүз. Репрессия механизминин кейипкерлерин Казат Акматов “Күндү айланган жылдардагы” Эл. (Элтинди жана Элебай) Сатаровдордун ой жүгүртүү ыгы, адам катары калыптанышы аркылуу мыкты сүрөттөгөн. Кайсы бир чыгармадагы типтүү каармандын башынан өткөн окуялар аркылуу анын ошондой адамга айланышын ишенимдүү түшүндүрө билүү жазуучунун күчтүү жагын көрсөтөт. Айталык, Исай Калашниковдун “Каар заманын” окуган киши Темүчүн-Чыңгызхандын тарыхый масштабын, катаал мүнөзүн билип гана тим болбостон, ал эмне үчүн ошондой киши болуп чыкканын баштан аяк түшүнүп, муюп жүрүп отурат. Ушул өңүттөн алганда бул китептеги ардагер чекисттин мүнөзү андай себеп-натыйжа байланыштарын ынанымдуу астыга тартпастан, даяр кубулуш катары гана берилет. Ал да көбүнчө типтүү образ эмес, ал тургай чекисттер өздөрү барып Ата Бейитти казып, элге маалымат таратып чыккан учур үчүн анахронизм сыяктуу көрүнөт.
Бийликтин табияты, адам баласынын кыянатчыл мүнөзү боюнча чыгармада баяндалган мифтер деле символикалык жаңылык эмес. “Адам баласы көбөйө баштаса эле бири бири менен тиреше баштайт” деген сыяктуу ойлор илгертен бери эле бар. Китепте бул маселени чечүүнүн жолу да көрсөтүлбөйт, негизинен фаталисттик болмуш катары гана баа берген тыянак менен чектелет.
Ошентсе да бул чыгармада бийликтин табиятын мүнөздөгөн абдан ийгиликтүү баян бар. Ал – аврамисттик диндердин баарында пайгамбар деп эсептелген, жөөт эли пир туткан Моше-Моисей деле убагында башка элдин канына забын болгонун ашкерелеген илимпоздун изилдөөсү тууралуу окуя. Мындай жыйынтык бир эсе Муса пайгамбардын элесин элдин баары көнүп калган идеалдуу образдан алыстатса, башка жагынан дегеле кайсы лидер болбосун, анын ичинде адамзатка үлгү катары көрсөтүлгөнү да атаандаштыкты жактыра бербей турганын, өзүнө чейинки идеяларды менчиктеп алууга жакын болушу мүмкүн экенин ашкерелейт. Автор тарыхчы экенин эске алганда, мындай баяндамага негиз болгон деп ишенсе болот.
Экинчи ийгиликтүү табылга – Заратустранын карааны. Карааны дегенибиз, чыгармадагы сөөк аныкы эмес, болгону китептин башында окумуштуулардын көп божомолунун бири ошондой. Антсе да зороастризмдин пайгамбарынын аты бул чыгармага бекеринен кошулбаганы байкалат. Анткени биринчиден ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын тиреши жөнүндө түшүнүк чын эле зороастризмдин негизин түзөт. Ал болсо адам баласы жашап турганда түбөлүк тема, философтор менен акын-жазуучулардын түгөнгүс кенчи. Экинчиден салыштырмалуу жакынкы эле кылымдарда немистердин көрүнүктүү философторунун бири болгон Фридрих Ницше чындап келсе зороастризмге кайнаса каны кошулбаган ойлорун “Заратуштра ушундай айткан” деген чыгармасына жазып, Алп Адамдын идеясын көтөрүп, анысы Гитлердин көз караштарына негиз түзгөнү белгилүү. Кошунасына кол салмайынча жаны тынбаган, китептеги арбак өкүл болгон элдин жоругу деле ушул эле көз караштардын байыркы, алда канча примитивдүү көрүнүшү. Үчүнчүдөн жакшылык менен жамандыктын кармашын китептин каармандары ар кандай чечмелеп, ал боюнча бир топ суроолор окурмандын алдына да ачык коюлат.
Китептеги дагы бир көзгө урунган ийгиликтүү өзгөчөлүк – каармандардын эч кимисинде бала жок. Болсо да көмүскөдө турат. Балдар ушунча өтмө катар окуялардын эч биринде, ал тургай фон катары да байкалбайт. Эң башкы каармандардын катарында турган ардагер чекист да, журналист да бала-чакалуу киши катары көрүнбөйт. Балдардын жоктугу – келечектин жоктугу. Балким ушул себептен улам, чыгармадагы окуялардын баары өз-өзүнчө катып калган картина сыяктанат. Чындап келсе ардагер чекист да, эгемендиктин башындагы журналист да, уламыштардагы каармандар да байыркы адамдын музейде турган сөөгүндөй эле ар кимиси өз чындыгын билишинче айтып турат, бирок тирилип, биздин турмушка аралашып кетпейт.
Сөөк демекчи, анын башынан өткөн окуялар реалисттик нукта баяндалбастан, кайра эле сүргүнгө айдалган кыргыз жазып кеткен уламыштарга байланып калганы ийгиликпи же кемчиликпи, бул да чоң маселе. Жек Лондондун “Адамга чейин” (“До Адама”) аттуу, өз доорунун илимий ачылыштарына негизделген ажайып чыгармасы бар. Аны окуп отуруп, алгачкы адамдардын жашоосу кандай болгонун киного киргендей элестетесиң. Ал эми Арслан Койчиев “Заратуштранын” арбагын уламышка байлаган, бирок ал уламыштын өзүнүн аягы жок, бүдөмүк. Балким арбакты сүйлөтүш үчүн эзотериканы, анын ичинде диний уламыштарды кошкон болушу мүмкүн. Антсе да, окуялар негизинен түшүнүктүү, ал тургай бир топтору абдан эле кызыктуу экенине карабастан, алардын баарын музейдин экспонатын баскан чаңдай статикалуу, кыймылсыз кылып турган кырдаал түзүлгөн.
Ушунун баары автордун атайын бергиси келген идеясыбы же анын тарыхка кесипкөй катары үнүлө караган өзгөчөлүгүнүн гана натыйжасыбы? Ал боюнча жоромолдорду окурмандын эркине калтыралы.
Жалпысынан “Добул-таштык “Заратустранын” аңгемеси” кыргыз окурманынын бүйүрүн кызытып, дагы далай талаш-тартыштарды, ар кыл пикирлерди жарата берери анык. Жогоруда айтылгандардан тышкары, ушунун өзүн да автордун айныксыз ийгилиги катары бааласак болот.
Жыргалбек Касаболот, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн