Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 13:30
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Адылбек Касымалиев Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн директору менен жолукту

24.04.2025 10:53
15
Адылбек Касымалиев Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн директору менен жолукту


Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобу менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн Аткаруучу директору Лаура Фриженти менен жолугушуусу болуп өттү.


Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү перспективаларын талкуулашты.


Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестициялар Кыргызстандын министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.


Ал Лаура Фрижентиге «Алтын Казыктын» 2026-жылга чейинки масштабдуу иш-чаралар планы тууралуу айтып берди, анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, STEM предметтери жана англис тили боюнча эл аралык деңгээлдеги окуу китептерин киргизүү, ошондой эле билим берүү жана башкаруу процесстерин санариптештирүү кирет.


"Биз билим берүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар өлкөбүздүн келечегине жумшалган инвестиция экендигине ишенебиз. Ошондуктан биз бүтүндөй билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоону ишке ашырып жатабыз", - деп белгиледи Минкаб төрагасы.


Өз кезегинде Лаура Фриженти Кыргызстандын билим берүү системасын модернизациялоо аракетин жогору баалап, уюм өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.


Тараптар Кыргызстан менен GPE ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо билим берүүнү өнүктүрүүдө жана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга жөндөмдүү атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн