Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-31-январда жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан) барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Ошондой эле ал жыл сайын өтүүчү Digital Almaty-2025 санариптик форумунда сүйлөп, бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн