Кулжа 29, 2024
Убакыт: 11:58
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Адылбек Касымалиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин менен жолугушту

17.05.2024 13:08
208
Адылбек Касымалиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин жана Татарстан раиси Рустам Минниханов менен жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Адылбек Касымалиевдин Татарстандын Казань шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, бул күндөрү өтүп жаткан «Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum» Эл аралык экономикалык форумунун талаасында орун алды.

Достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки тараптуу форматта да, интеграциялык бирикмелер аркылуу да чыңдалып жатканын белгиледи.

«Биздин элдерибиздин достугу мезгил сыноосунан өткөн ишенимдүү жана жакшы мамилелерге негизделген. Биз турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип жатабыз», – деди Адылбек Касымалиев.

«Биз турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенип жатабыз, соода жана инвестициялык кызматташтык ишенимдүү өнүгүп жатат», – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын президентинин жакында Казанга жасаган иш сапарын айтып, Раис Р.Минниханов менен жемиштүү жолугушуу болгонун белгиледи.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары “бул форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, парламентарийлер, дипломаттар, руханий лидерлер гана эмес, инвесторлор, финансисттер, ишкерлер жана өндүрүшчүлөр да чогулуп жатканын” баса белгиледи.

«Иш-чаранын алкагында, мамлекеттер жана аймактар аралык деңгээлде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат» , – деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин Кыргызстан, Россиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, өзгөчө транспорттук, аймактар аралык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну баса белгилеп, «Кыргызстан менен өз ара пайдалуу байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө» даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Татарстандын раиси Рустам Минниханов Адылбек Касымалиевге “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” эл аралык экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы жыл сайын ийгиликтүү чыңдалып келе жаткан тыгыз мамилелерге өзгөчө басым жасады.

Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго салам айтып, анын «Келечек оюндарынын» ачылыш аземине катышуу үчүн Казань шаарына келгенин жылуу сөз кылды.

«Биз үчүн Кыргызстан бир тууган республика. Бизде соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, кадрларды даярдоо, илим, маданият, билим берүү тармагында да мамилелерди өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар”, - деген Рустам Минниханов Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу бардык долбоорлор жана демилгелер Татарстан тарабынан колдоого алынаарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн