Жетинин айы 06, 2025
Убакыт: 20:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.073
1.100

Адылбек Касымалиев борбор калаанын жылуулук электр борборунун ишин текшерди

06.11.2025 17:44
20
Адылбек Касымалиев борбор калаанын жылуулук электр борборунун ишин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына барды. Сапардын максаты ЖЭБдин ишин жана учурдагы жылытуу сезонун карап чыгуу болду.


Минкаб башчысы ЖЭБге болгон сапарынын жүрүшүндө объекттин үзгүлтүксүз иштөөгө даярдыгын кылдаттык менен текшерип, жетиштүү отун запастарынын топтолушуна өзгөчө көңүл бурду. Ага көмүрдүн көлөмү, анын сапаты жана туруктуу иштөө үчүн зарыл болгон запастарды андан ары толуктоо пландары боюнча актуалдуу маалыматтар берилди.


Адылбек Касымалиев ошондой эле ЖЭБдин негизги өндүрүштүк аймактарын, анын ичинде казан жана турбина жабдууларын жеке өзү текшерип, алардын иштешин жана жүктөмдүн жогорулашы шартында иштөөгө даярдыгын камсыз кылды.


Текшерүүдөн кийин министрлер кабинетинин төрагасы Энергетика министрлигинин, муниципалитеттин жетекчилиги жана компаниянын адистери менен кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында Адылбек Касымалиев жылытуу сезонун өз убагында жана сапаттуу аяктоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын максималдуу жоопкерчилигинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал борбор калааны ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн координацияны жана жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн