Бирдин айы 13, 2025
Убакыт: 19:07
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.940
0.990

Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

13.02.2025 16:03
30
Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына болгон иш сапары аяктады.


Сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин ачылышына катышып, саммиттин алкагындагы “Жаңыдан пайда болуп келе жаткан глобалдык таасир”форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.


Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министринин орун басары, президенттик иштер министри Мансур бин Заид Аль Нахайян, Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави, Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри, Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Аль-Сувайд менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондойэле Мasdar жана Google компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. 


Мындан тышкары, жумуш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосунда жаңы беш жылдыкка мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуубоюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн