Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Адилеттүүлүк үчүн айтпасам болбой калды окшойт…

24.06.2021 18:34
1765
Адилеттүүлүк үчүн айтпасам болбой калды окшойт…


Бүгүнкү күнү көптөгөн үлкөндөр коррупцияга айыпталып, четинен камалып жатышат. Ошолордун басымдуу бөлүгү (а балким 99%) чындап уурулар. Алардын тарапкерлери, “өз уурусун” - “өз уруусундай” жактап, а түгүл митингдерди уюштуруп жатышат. Албетте, бул алардын иши. Бирок, менин айтайын дегеним башка.

Ата-Журт партиясынын тизмесинде 2010-жылкы папламенттик шайлоого катышкам. Жеңишке жетип, парламентке 28 мандат менен партиябыз өттү. Алгачкы 1-2 жыл бир топ ийгиликтүү болду. 2012-жылдын, 12-октябрында болсо керек, ал кездеги оппозициялык депутаттар Ташиев, Жапаров жана Талант Мамытов Кумтөр боюнча митинг уюштурушкан. Митинг аяктаганда, Садыр Жапаров өз машинесине олтуруп жатып, Камчыкени да машинеге чакырды. Жардамчысы Рахат деген жигит болсо керек, эшикти да ачты… Камчыке болсо, мен жөө эле барам деп, Мамытов, Максат Сабиров ж.б болуп, Ак-үйдү көздөй жөнөдүк. Дарбазага жакындаганда баш аламандык башталды. Андан кийин не болгонун баарыбыз билсек керек?

Үчөө тең камалды. Болгондо да, бийликти күч менен басып алуу деген оор берене тагышты. Анын үстүнө, Садыр Нургожоевич тосмого да жологон эмес. Чынында, бийликти басып алуу аракеттеринин белгилери жок болчу. Ооба, коомдук тартипти бузушту, депутатка жарашпаган жүрүм-турумду көрсөтүшкөндүр. Бирок, анчалык оор кылмыш курамы жок болчу. Административдик айып менен бүтсө деле болмок.

Бирок, жаңы күчүнө кирип жаткан уБактылуу өкмөт жана Атамбаевдин режими Кумтөрдөгү ири коррупцияга эбак малынып калышкан эле. Ошондуктан, бул оппозициячыл депутаттарды түрмөгө тыгышты. Күнөөсү далилденбеди деген негизде буларды экинчи инстанцияда актаган эки сот Зулушев менен Сатыев да соттор кеңеши тарабынан куугунтукталып, кызматынан кол жуушкан. Кеп анда да эмес.

А кеп эмнеде?

Ошол кезде бул саясатчылар куугунтукка дуушар болгондо, бүгүнкү күндө камалып жаткандардын баары бийликтин туу чокусунда жүрүшкөн. Алардын бирөөсү да - “кой эй, бир аз туура эмес болуп жатат.., анчалыкка барбайлы” деп айтышканын кимиңер уктуңар эле? Бул үчөө жана башка саясатчылар кандай гана көргүлүктү көрүшпөдү? Ошол жылдары бул үчөөнүн бүт сот процесстерине катышкам. Архивдер да бар. Өздөрү да сопсонун эле билишет жана бүгүнкү күнгө чейин саламыбыз түз. Булардын үй-бүлөлөрү көргөн азапты эч кимдин башына салбасын. Саясатчыны камап койсо, ал капастагы макулуктац олтура берет экен, ал эми ата-эне, үй-бүлө жана бала-чаканын эле шору катый тура…

А эми болсо, тагдырдын тамашасын кара - булар бийликке келип, а тигилер түрмөдө? Айткылачы, эмнеси адилетсиздик? Рас болду! 10-20-30 жылдап өлкөнү тоногондор түрмөдө олтурбай, анан ким олтуруш керек? Же булар бийликке келгенден кийин, өздөрүнө кордук көрсөткөндөрдү башынан сыламак беле? Болгону, күнөөлөрүн толук далилдеп, эч кимде шек болбогондой кылып жазалоо керек. Күнөөсү далилденбесе, өзүңөргө окшотуп, аларды да түрмөгө тыкпагыла. Заманыңар өтсө, алар да “ответка” кылбасын.

Болгону, ушинтип эле бири-бирибизди куугунтуктап жүрө беребизби деген ой түйшөлтөт. Элдин жашоосун оңдобойлубу тезиреек?

Шаирбек Маматокторов, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн