Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Адинай Марипова Садыр Жапаровду президент кылып койду...

25.04.2021 02:11
2066
Адинай Марипова Садыр Жапаровду президент кылып койду...


Актоо эмес - тактоо...

Негизи, карындашымдын президенттин жардамчысы болгону боюнча унчукпай эле коеюн дегем. Бирок, ар түрдүү пикирлер, көралбастык, маалыматы жок бирөөнү каралоо - пост жазганга аргасыз кылды:

Чү эле дегенде, Марипова дегенин угуп алышып премьерге сөз тийгизишти. Ноокаттык Улукбек Асамидиновичке алайлык Адинай Марипованын эч кандай туугандыгы жок. Фамилиялары окшош болгондуктан, Мариповдор бирин-бири көргөндө гана жылмайып жакшы учурашышат. Башка эч кандай байланыш жок.

Экинчиден, 28 жаштагы жаш кыз президентке кандай кеңеш бере алат. Нормальный кадрлар жокбу деп көп жазып атышат:

Адинай Садыр Нургожоевичти эчким тааныбаган кезден бери эле колдоп келет. Ал кезде Жогорку Кеңеште Мыктыбек Абдылдаевдин колунда коомдук жардамчысы болуп, андан кийин Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Урмат Самаев, Дүйшөн Төрөкуловдордун консультанты болуп Университетти бүткөндөн бери иштеп келет. Ушунча депутаттын колунда бирдеме билгени үчүн иштесе керек?

Эмне кылып коюптур бул кыз дегендерге кыскача эле жообум бар: Жапаровду президент кылып койду. Ошого декреттик отпускасы бүткөндө жанына чакырды. Болбосо, башынан баарын чечкен жардамчысы ушул болмок. Бала менен үйдөн чыга албаганы үчүн аралашкан жок.

Президентке кошомат урган азыркы саясатчылар, журналисттер Жапаровго колдоо көрсөтпөй жүргөн кезде, карапайым калкка эмнеге куугунтук жеп жатканын, Садыр деген ким экенин көпчүлүк тааныбаган кезде бүт пиар иштерин Адинай колго алган. Дагы деле үйдөгү компьютерде ошол материалдар сакталуу. Болот Абдыжапаров деген журналист пост жазбадыбы, тарых үчүн калыс сөзүмдү айтып коеюн, Адинай тээ илгери эле эчким колдобой жүргөндө ар кайсы маалымат каражатына өз кадырын салып Жапаровдун пиарын жүргүзүп келген деп. Куру сөз болбосун деп сайтка чыгарып коюңузчу деп суранган переписканын скринин да чыгарды. Азыр оппозиция болуп жаткан Равшан Жээнбеков да "Садыр Жапаров түрмөдө жатканда Адинай парламентте чуркап, депутаттык запросторго кол коюп берип коюңузчу, Жапаровдун сотуна керек эле, Жапаровду элге таанытканга керек эле деп жалгыз өзү ар кимге жалдырайт эле" деп. Равшан байкеге рахмат, ошол кезде Атамбаевдин бийлигинен коркпой кол коюп берип койчу. Ошол кезде качып койгон, колдобой койгон саясатчылар эми колтугуна кирип кызматта отурушат. Ошол кезде Адинайдын Садыр авасы "бир блокнот ачып жаз, ким бийликтен коркпой калыстыкты колдоп, ким ойт берген болсо тизмеле, убагы келет, ошондо жүзүн көрөбүз" деген.

Тынчтык Алтымышев деген журналист жазыптыр: "жаңы "Икрам" келди" деп. Ал эми баарын тоноп коркутуп, бийликти өзүнө алат деген мааниде эмес, Атамбаев Икрамга кандай ишенсе, Жапаров Адинайга ошондой ишенет деген мааниде жазды. Себеби, Жапаров убагында "мен президент болсом, "Икрам" сен болосуң" деген сөзү бар...

Жалпы эл тааныбаган, куугунтукта жүргөн саясатчыны карапайым калкка тааныта чуркап, аны шайлоого катышкандардын 80 пайызы жабыла колдоп президент болушуна чейин эмгеги сиңген адам бир нерсе кыйраткан болобу?
Эчким карабаган кезде бүт тараптан колдоп, бийлик, сот, парламенттен тымызын колдоо издеген чалгынчысын, пиарын, фото, видео, текст түрүндөгү материалдарын даярдап, жайылтып, китебин таркаткан адамды президент жанына алып барганга акысы барбы?

5 депутаттын консультанты болгон адам такшалган деп эсептелсе керек?

Бурханов, Гаипкулов, Сабировдорго караганда, Адинай көптөн бери саясатта жүргөн адам эмес. Элдин арасынан барган кадр. Бул дайындоодон көбүрөөк карапайым калк утту. Анткени, коомчулукта кандай реакция, кандай жаңылык болуп жатканын жаап жашырбай президентке жалтанбай айта турган адам ушул. Андыктан, ашыкча көрө албастык, жакшы тааныбай эле жамандоону, ойго келген гыды-быды божомолдорду токтотуп, жаш кадрларга иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле. Курманжандын мекенинен чыккан кыз элине каршы иш кылбайт. Анткени, атабызга сөз берген, элим үчүн кызмат кылам деп.

Эми Адинайдын барышы менен бийликтеги татыксыз кадрлар бошотулуп, эл жактырган иштермандар дайындала баштаса, президентке элдин үнү түз жетип атат деп түшүнө баштайсыздар. Андыктан, жакшы нерсени тилек кылып, оюбузду оң жакка буралы...

Карындашыма ийгилик каалайм, кармаган орозоң кабыл болуп, калың эл ыраазы боло турган кадамдарды жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон тарыхий инсан болушуңду насип кылсын!

Баса: кээ бир маалымат каражаттары СЭЗ "Бишкектин" гендиректору Кудрет Тайчабаровдун карындашы деп маалыматка интрига кылып кошуп ийишти. Менин СЭЗге барып калышыма карындашымдын эч тиешеси жок. Революциядан кийин мен 1 ай өлкөгө келбей жүрдүм. Ташиев менен Жапаровду "элди ойготконго, силердин бийликке келишиңерге Кудреттин да салымы бар. Аны эмнеге кел дебей жатасыңар" деген суроолор көп боло бергендиктен, Камчыбек Ташиев мени "кел үка, эчким сага тийише албайт, өлкөдө криминалдарды баш көтөртпөйбүз, келип патриоттугуңду сөз менен эмес, иш менен көрсөт деп" 3 ирет чакырган. А шайлоого чейин Садыр Жапаров бир нече ирет чалып, "Мекенчил" партиясынын ондугуна кирбейсиңби деп сунуш кылган. Мен кызмат үчүн жулунуп элди ойготуп аткан эмес элем. Мандат керек болсо сентябрда баш тарткан мандатымды дароо алып, азыр балким спикер болуп отурмакмын. Андыктан, кошоматтык, кызматка жулунуу, интрига, каралоо, фейктер менен шыбамайга окшогон нерселерге мени аралаштырбагыла. Кызмат колуна тийип унчукпай калды деп жазганыңарга да кошула албайм. Мамлекеттик кызматкер жасабай турган талаптар бар. Эгер мен ошол рамкадан чыгып, ашыкча сүйлөп, кызматтан кетчү болсом, соцсеттерде бийликти сындап жүргөндөрдүн баарына сөз тиет. Булар сүйлөгөндөн башканы билбейт, анан кызматка барып алып иштей албай ушинтип сындамыш болуп таштап кетти деп. Мен өз ишимдин өтөөсүнө чыгып, результат көрсөтсөм, ошол соцсеть аркылуу таанылган активисттер да мамлекетке кызмат кыла алат деген ой пайда болуп, мекенге сөз менен эмес, иш менен кызмат кылууга жол ачылат. Андыктан, өзүңөрдүн өкүлүңөрдү өзүңөр алаксытпай ийгилик калаап койсоңор, өлкөнү сүйгөнүңөр ошол болот. Себеби, биздин максат - Кыргызстанда жашоо шартын оңдоп, өз өлкөбүзгө мекендештерди кайтарып, ушул жерде жашоо...

Кудрет Тайчабаров, "Бишкек" Эркин экономикалык аймактын директору

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн