Бишкектин Свердлов райондук милициясы 10-апрелде президент менен байланышы бар экенин айткан адам алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди. Анын сүрөтүн да таратты.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү президент менен түздөн-түз байланышы бар экенин айтканын, башкалаадагы "Сары-Өзөн" базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып 44 миң доллар алганын, бирок качып жүргөнүн маалымдаган.
Факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал камактагы активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экени белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн