Жалган курандын 13, 2025
Убакыт: 02:10
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
0.995
1.045

«АгроДиалог 2025». Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында бир катар меморандумдарга кол коюлду

31.01.2025 13:39
195
«АгроДиалог 2025». Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында бир катар меморандумдарга кол коюлду


Бишкекте өткөн «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун алкагында айыл чарбасын өнүктүрүү максатында ишкер-дыйкандар менен кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.


Маалыматта айтылгандай, мал чарбачылыгы боюнча 1 келишим, 2 макулдашуу жана 3 меморандумга кол коюлган.

Ал эми «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал чарбачылыгы боюнча чемпион аталган 16 фермерди жана өсүмдүк өстүрүү боюнча 16 дыйканды медал менен сыйлады.


Андан сырткары, айыл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 300дөн ашуун дыйкан-фермерлер министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.


Негизинен «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форуму быйыл да эң жогорку деңгээлде өтүп, ага жалпысынан 2000дей киши катышып, мал чарбачылыгы боюнча 75 презинтация көрсөтүлүп, негизинен форум өз максатына жетти деп атасак болот. Ошондой эле форумда жалпы 340 кайрылуу түшүп, министрликтин тиешелүү адистери тарабынан жооптор берилген.


Белгилей кетсек, “Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн