Теке 25, 2024
Убакыт: 13:30
USD
83.80
84.70
EUR
90.90
91.90
RUB
0.950
0.990

Аида Эгембердиеванын “ара төрөлгөн” ыры...

22.03.2024 18:39
2235
Аида Эгембердиеванын “ара төрөлгөн” ыры...


Азыркы учурда интернет да чыгармачылыкка, көркөм ой жүгүртүүгө өзүнүн терс таасирин тийгизип жаткан кез. Анча-мынча “сокур чымыны” менен ыр кураштырып жүргөн талапкерлер ырларын соцтармакка жайгаштырса, аны түшүнүп-түшүнбөй эле көкөлөтүп мактап, шатырата кол чаап, суу кечпес пикирлерин калың элге жарыя кылып, дарбыган поэзия күйөрмандары көбөйдү. Чыныгы чыгармачылыктын азабын тартып көрбөгөн, нукура поэзия эмне экенин түшүнбөгөн версификаторлор төрт сабы төрт жакты караган халтурасы үчүн мактоо угуп, өзүн пиар кылганга, элге акын катары таанылууга муктаж экени, интернет айдыңында алеки саатта атактуу болууга суусап турганы ырас. Мындай көрүнүшкө компетенттүү деген адабиятчыларыбыз кайдыгер карап, сыртын салып тим болушууда.


“Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген принципти карманышабы, айтор, ушундай көр байгеге тажрыйбалуу деген акындардын да азгырылып, кошулуп кетиши көзгө комсоо көрүнөт экен. Соцжеледеги интеллектуалдык деңгээли төмөн, эстетикалык табити калыптанбаган, сөзгө туюму жок, поэзиядагы чын-жалганды ажырата билбеген окурмандардын жеңил-желпи мактоолоруна, жагымпоз пикирлерине төбөсү көккө жетип, күйөрмандарына кайта-кайта жүгүнүп, ыраазычылык билдирип, терисине батпай сүйүнүп, эйфорияга батып, магдыраган авторлорго асыресе таңкалам да, бир чети боорум ооруйт, бир чети “бу адабиятка олуттуу мамиле жасаган, сөздүн кунун билген акындар азайып баратабы?” деп тынчсызданам. Андай сүйдүрүп айткан жылуу сөздөн көрө, ачуу болсо да чындыкты уккан жакшы го. Ушундан улам атагы таш жарып турган кезде залкар акын Расул Гамзатов 50 жылдыгына арналган өкмөттүк деңгээлдеги салтанаттуу кечени жыйынтыктап, айтылган каалоо-тилектерге, мактоолорго ыраазычылык билдирип жатып, “менин кемчиликтеримди, кетирген каталарымды, адашууларымды да айтсаңар бул кече дагы узакка созулмак, ырас, кыска убакытта бүттү” деп табиятына мүнөздүү юмор менен өзүндө да, чыгармачылыгында да өксүктөр бар экенин каңкуулаганы даанышмандык эмеспи...


Интернет айдыңындагы адабий чөйрөдө кеңири орун алып, адат болуп, дартка айланып бараткан ушундай терс көрүнүштөрдөн улам, өткөн жылы болгон бир окуя бул макаланын жазылышына себеп болду. Акын Аида Эгембердиева ырын соцжелеге (11.01.2023. https//WWW.facebook.com/share/p/gBoOicwVa1kzU628/?mibeхеtid=16gGtw) жайгаштырган экен, ага элүүдөн ашык күйөрманы “баа жеткис шедевр” дегендей пикир жазышып, акынды аз эле жерден гений кылып коё жаздашты. Ырасында эле андай көтөрө чалган бийик сөздөр көңүл үчүн айтыларын элес албай, сыпаалык менен айтылган мындай мактоолорду олуттуу кабыл алып, өзүн чын эле гений катары сезип, жер баспай калган акын чалыштар да аз эмес. Адабият астанасын мындан отуз жыл мурда аттап, чыгармачылыгы эгемендик жылдарына туш келген Аида Эгембердиева өз муунунан суурулуп чыга албай, ушул кезге чейин ырлары башка калемдештеринен өзгөчөлөнгөнү деле байкалбай келген. Анын биринин артынан бири чыгып жаткан китептеринин ийгилиги, же табылгалары тууралуу сынчы, адабиятчылардын айткан пикирлерин деле эшите элекпиз. Анан көптүн арасында жүргөн ортозаар, агымдан өйдө көтөрүлө албаган акындын ыры минтип шедевр катары кабыл алынып, ойротто жок ыр болуп бааланып жатканы ага көңүл бурууга аргасыз кылды. Жакшылап окуп көрсөм, ыр алешем экен, анан ошону баага батырбай көкөлөтүп, көз боёмочулук кылып жаткан поэзия ышкыбоздорунун мактоолорун төгүндөө максатында ушул макала жазылды. Эмесе, ырды окуп көрөлү:


Тиргилик


Кадимки таң атты. Тышта кар,

Бурганак... суук дагы... билемин.

Жылаңбаш жөнөгөн кызымды

Үшүбөй жетсе деп тиледим.

Уулумдун туулган күнү деп,

Эртеден удургуп бүтпөдүм...

Үйдөгү балдарда эмес кеп,

Тыштагы балада – бүт көңүл.

Майда кар себелеп, асталап,

Көпкө жаайт бир жаап баштаса.

Негедир быйылкы каш-кабак,

Чилденин үрөйү башкача.

Буулабы, тозобу, сынабы,

Калабы, озобу иргелип.

Бул жылдар жакшы эле сынады,

Бейиши, тозогу бир келип...

Кар жаайт иретсиз чачырап,

Кар жаайт октолуп, шоктонуп.

Суу болгон, үшүгөн отундар

Мештерде чатырайт от болуп.

Кудайдын күнүндө жок айып.

Тоңчудай куштардын канаты.

А үйдө поруму азайып,

Үргүлөйт үрпөйгөн балаты.

Отундун табынан жылып үй,

Оңдоодо тириглик ырайын.

Келишет кечинде коноктор,

Мен дагы камымды кылайын...

Кадимки таң атты. Тышта кар,

Бурганак... суук дагы... билемин.

Жылаңбаш кетти эле кызымды

Үшүбөй жетсе деп тиледим. 


Бул 8 строфа, 32 саптан турган көлөмдүү ыр. Анын “Тиргилик” деп аталышы чаташып, ката жазылып, бул сөз эки ача маани берип калган, биринчиден, “тирүүлүк” деген сөздүн түштүк диалектисинде колдонулушу алынган болсо, анда “тириглик” (караңыз: К.К.Юдахин “Кыргызча-орусча сөздүк. М.:1965, 735-б.) деп жазылмак, бул сөздө философиялык боёк бар экени ырас, бирок көрүнүп тургандай, ырдын текстинде чолок философчулук да байкалбайт, экинчисинде ырдын мазмуну “тиричилик”, же “тирилик” деген эле маанини берип турат. Бул ыр гармониялуу чулу бир бүтүн, жандуу поэтикалык дүйнө эмес. Ырдын предмети көп: кыш, кыз, эне, туулган күн, кар, бурганак, тагдыр, куш, чилде, отундар, мештер, от, балаты, коноктор. Ырда автор улам бир элементти тизмелеп кошо бергени балдар дүкөнүнө кирген бөбөк жайнаган оюнчуктан көзү өтүп, ар кайсыны кармалагандай эле таасир калтырат. Ырда “чү” дегенде эле акын реалдуу турмушта көргөнүн көргөндөй көчүрө баштайт “Кадимки таң атты. Тышта кар” деп автор күндөгүдөй эле таң атканынан кабар берди. “Бурганак... суук дагы...” деп ал маалымат толукталып, автор андан нары “билемин” деп баса белгилеп жатат. Ырдын алгачкы эки сабы кыштын суук экенинен кабар берди. Мында бир образдуулук, же бир сыр каткан кыйыр маани, метафора деле жок, автор жогоруда белгиленгендей “карды”, “бурганакты” көргөнүн, “суукту” билгенин эмпирикалык деңгээлде баяндап жатат. Бирок, карды уюлгутуп учуруп, ышкырып турган катуу бороондо бурганак болорун автор билбейт окшойт. Болбосо, ушундай бороон-чапкында эне кызын жылаңбаш жөнөтөт беле? Кыштын чыкыроон суугунда “Жылаңбаш жөнөгөн кызымды, үшүбөй жетсе деп тиледим” деп, лирикалык каарман кара күчкө убайым жегени дегеле чындыкка коошпой турат. Ырга дүрмөт болуп, сезимге от жагып, “эми эмне болот?” деп сарсанаа кыла турган негизги мотив ушул жагдай болуш керек эле, бирок бул жалган пафос, жасалма мотив болуп, автордун ою ордунан чыкпай калган. Ошон үчүн: “Жылаңбаш жөнөгөн кызымды, /Үшүбөй жетсе деп тиледим” деп, кышкы аязда бороон болуп жатса, аны көрүп-билип туруп, баласын жылаңбаш эшикке жөнөткөн эненин сөзү жалган экени, анан да кийинки саптагы “тиледим” деген сөздү коюп алып, ага уйкаштырыш үчүн “билемин” деген сөздү жамаачылап жатканы ачык эле байкалат. Ырдагы ойдон чыгарылган жасалмалуулук улам барган сайын дагы ачыктала берет. Анткени, ызгаарда кыздын жылаңбаш кетишинин себептери да чыгармада жок, бала баш кийимин жоготуп жиберсе, же бирине жетип, бирине жетпеген көп балалуу үй-бүлөнүн өпчап турмушу болсо, анан айласы жок жылаңбаш жөнөтсө эненин убайым жегени ишенимдүү да, табигый да болмок. Бирок ырдын кийинки строфаларында бул мотив андан нары чечмеленбейт, тереңдетилбейт, психологиялык жактан ынанымсыз бойдон калган. Эгер автор ошол “убайымды” ырдын негизги предмети кылып, чын дилинен кайгырса, өзүн жемелеп, ичинен сызып, тынчсыздана берет эле да, анан убайымдын маани-маңызын ачып, бир жыйынтык ойго келип, ага фон болуп жаткан кар, суук, бороон жана башка предметтер да көркөм реалдуулукка айланып, жүк көтөрүп, баласын жука кийинткенине өкүнүп, күйгүлтүк түшүп отурган эненин жандуу образы жаралмак. Бирок андай маани-маңыз да, образ да, жыйынтык ой да ырда жок, себеби, кара күчкө убайым жеген түр көрсөткөн эне кышкы аязда бороондо калган кызынын камын көрбөй, экинчи баласынын туулган күнүн кабарлаганга өтөт, бул өзүнчө тема, бирок автор аны да аягына чыгарбай, ара жолдо калтырат. Автордун контрасттуу кырдаал түзүп, бир баласы бурганакта жылаңбаш кеткенине кейип, экинчи баласынын туулган күнүн айтып сүйүнүп турган кезин көрсөтүү мотиви ойдон чыгарылган жасалма кырдаал экени ырда кашкайып, айкын көрүнөт. Анткени, ырда лирикалык каарман убайым жеп, муңайгыдай, жамандык жышааны болгудай деле кырдаал түзүлгөн эмес, ошол эле учурда эне баласынын туулган күнүнөн улам өмүрүнүн бир урунттуу учурларын эстеп, маңдайы жарыла кубангандай деле түрү жок. Себеби автор жасалма жагдай түзүп, окуяны атайын драмалаштырып, кызынын “жылаңбаш” кеткенин бир “кырсык” катары көрсөтүп, окурмандын аёо сезимин ойготкусу келет, бирок лирикалык каармандын көзүнөн чыкпаган чолок жаш, кантип окурмандыкынан чыгат? Ушундан уламбы, лирикалык каармандын кайгырганы да, кубанганы да билинбей, жансыз, автор лирикалык каармандын ички психологиялык абалын ачып бере албайт, ал болгону маалыматтарды четинен чубап чыгаруу менен алек. Ошон үчүн бул саптар окурманга эмоционалдык таасир бере албайт, сезимине из калтырбайт, жасалма. Автор каармандын ички сезимдерин кармай албай, жалган, жасалма иллюзияларды түзөт.


Кийинки строфада кар сүрөттөлөт. Мында да автор өзүнүн сөзүнө өзү чалынат, ырда бир эле учурда кар “бурганактап” да, “себелеп”, “асталап” да жаай берет, бурганактын маанисин карап көрөлү. Бурганак – кар аралаш бороон (“Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”. Б.:2019). Эми борошолоп жаап жаткан кар ошол эле учурда себелеп, асталап жааганын элестетүүгө болобу? Анан туруп, “октоно, шоктоно” кетет, муну акындын учкул “фантазиясы” деп эле коёлу, андан кийин “чачырап” дегени эмнеси? Суу го чачырайт, кар чачырап жаайт дегенге кандай түшүнсө болот? Же ааламдашуу заманында кар башкача жаап, жерге бир тийип, кайта көтөрүлүп, андан кийин чачырайбы? Анан да боёгу, же түсү жок, ышкырган добушу жок бул эмне болгон бурганак? Оңунан чыкпаган бул жасалма “пейзаж” каармандын санаркоосуна коошпойт, ал өзүнчө бир тема. Андан кийин каармандын тагдыры тууралуу маалымат берилет. “Буулабы, тозобу, сынабы, /Калабы, озобу иргелип... Сезимге жукпаган, ойкуп-кайкыган бул суроолуу, бейдарек сөздөргө автор атайын түшүндүрмө сөздүгүн түзбөсө, окурманга автордун чаргытма, тумандуу сөздөрү түшүнүксүз. “Иргелип” деген сөз да орунсуз, аны автор, “бир келип” деген сөзгө уйкаштырыш үчүн эле кошуп койгону дароо эле баамдалат, болбосо, ал адашып келген дейди сөз. Жогоруда ыр бала тууралуу башталган, эми лирикалык каарман “Бейиши, тозогу бир келип...” деп өзүнүн тагдыры тууралуу маалымат бергенге өттү, тилекке каршы, бул тема да чалажан бойдон калган. 


Автор кийинки строфада “отундар”, “мештер” деп эмне себептен көптүк мааниде жалпылаштырып колдонгону түшүнүксүз, алар эмне болгон отундар, кимдердин мештери? Анан калса, бул деталдар ырда эч кандай көркөмдүк жүк көтөрүп турган жери жок. Андан соң меште от күйүп, жүдөгөн балаты тууралуу баяндалат. Ыр кайрадан жылаңбаш кеткен кыз бала тууралуу строфа менен жыйынтыкталат. Жогоруда белгиленгендей “жылаңбаш кеткен кыз” себеп болгон эненин “убайымы” ырдын негизги предмети – автор ушул теманы өнүктүрүп, тереңдетип, чындап жаны кейиген эненин күйүтүн психологиялык жактан ачып берип, бир маанилүү жыйынтык чыгаруунун ордуна ортодогу алты строфада автор улам бир теманы козгоп, аларды да чөп башылап, “оттоп” кеткен.


Ыр негизинен үстүрт, кургак маалыматтардын жыйындысынан турат. Бирок алар бири-бирине коошпой, жуурулушпай, бөлүнүп, ар бири өзүнчө “автономиялуу” жайгашкан, ошол көп маалыматтарды бириктирип турган гармониялуу, жандуу поэтикалык дүйнө жараткан концепция, өзөк, идея жок. Ал эми үзүк-үзүк маалыматтардын бардыгы жандуу образ түзүүгө катышпай бириндеп кеткен. Ырда күнүмдүк турмуш прозасы поэтикалык дүйнөгө айланбай, ийленбей “чийки” калыбында, тиричиликтин арзыбаган майда-барат абыгерчилиги бойдон, эмпирикалык деңгээлде калган. Автор фактыларды иштетүүдө, көркөм реалдуулукка айландырууда табигыйлыкка, нукуралыкка жетише алган эмес. Ырды жазууга түрткү болгон, ага жан киргизип, эмоционалдык маанай жарата турган кырдаалдын өзү жасалма, ойдон чыгарылган. Анткени, акын агынан жарылып, окурманга чечилип, ыймандай сырын айткан жери жок. Ошондон улам акындын ойлору чаржайыт, ыр окурмандын жандүйнөсүн козгой турган жандуу образдан куржалак, “ара төрөлгөн”... Ырдын мейкиндик координаттары да түшүнүксүз, окуя айылда болуп жатабы, шаардабы, белгисиз. Эл ач-жылаңач калган Акаев заманыбы, же азыркы учурбу? Айтор, ыр мезгил жагынан да тумандуу. Ыр көркөмдүк жагынан алешем, поэтикалык конструкциясы өксүк, композициясы борпоң, сөздөрдүн семантикалык мааниси, строфалардын, саптардын муун өлчөмү, ыргагы, мелодикалуулугу жагынан аксайт, автордун сөз менен иштөө маданияты жетишсиз, эстетикалык табити калыптанган эмес.


Нукура поэзияда бул ырдагыдай көроокаттын ыбырсыган абыгерчилиги сүрөттөлбөйт, турмуштагы окуялар, көрүнүштөр, мамилелер, тагдырдын оош-кыйыштары калтырган таасирлерден улам пайда болгон кайгы, кубаныч, өкүнүч, арман, үмүт, тилектер, ой санаалар акындын жандүйнөсүндө жашап, “кан-жаны” менен жазылып, элестүү образга айланып, көп катмарлуу маани-маңызды боюна сиңирет, ошондой чыныгы поэзиянын туундусу окурмандын сезим-туюмуна из калтырат, ойго салат, көкүрөгүндө көпкө жашайт. Мындай чыгарманын образы, идеясы акындын ички сезимдерине тынчтык бербей, оргуп, дүрбөлөң салып “оорутат”, түмөн түйшүк менен сөз азабын тарттырып иштелет, ийленет, ийине келип, кондициясына жеткенде гана поэзияны жаңы деңгээлге көтөргөн, окурмандын көңүлүнө кыттай уюган Алыкулдун “Ата журту” өңдүү кыска, нуска, системалуу көркөм-эстетикалык наркка эгедер, терең философиялуу чулу образ, телегейи тегиз, гармониялуу поэтикалык дүйнө – нагыз шедевр жаралат! 


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн