Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аида Касымалиева: Авиабилеттердин баасы шылуундардын айынан кымбаттоодо

15.01.2021 16:15
3018
Аида Касымалиева: Авиабилеттердин баасы шылуундардын айынан кымбаттоодо


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандан Орусияга учуп жаткан мигранттардын билет баасын төмөндөтүү боюнча Өкмөткө тапшырма берди. Бул тууралуу эл өкүлү Парламент радиосуна билдирди. 


Анын айтымына караганда, учурда Орусия тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу мигранттарга билеттин баасы бир топ кымбат жана керексиз документтер талап кылынып жатат.


Учурда Орусиянын шаарларына Кыргызстандан туруктуу рейстер жана чартердик каттамдар каттап жатат. Орусия өкмөтүнүн талабына ылайык, чартердик рейстер менен учкан жүргүнчүлөргө атайын документтер талап кылынат. Ал эми туруктуу рейстерде болгону акыркы үч күндө тапшырган ПЦР анализи гана керек. Башка эч кандай документ талап кылынбайт. Ага карабастан авиакассалар же башка билет саткан жарандар “Уруксат кагаз” алып беребиз деп, элден эбегейсиз акча талап кылышууда. Чындыгында ал документтер эч кимге кереги жок. Ар кандай шылтоолор менен бизнес жасап жаткан шылуундар бир билеттин баасын 70-80 миң сомго чейин сатышууда. Зарыккан эл аргасыз алууга мажбур. Бул маселени чечүү үчүн туруктуу рейстерди көбөйтүү менен билеттин баасын көзөмөлдөөнү өкмөткө тапшырма бердим. Чечүү жолу оңой эле, өкмөт көзөмөлгө алып, туруктуу каттамдарды көбөйтүп койсо болду. Бул маселе чечилмейинче аягына чейин өзүм көзөмөлдөйм. Элдин эсебинен акча жасагандарды токтотушубуз керек”, - деди Аида Касымалиева


Маалымат үчүн: Коронавирус илдетине байланыштуу Орусия мамлекетин кирип чыккандарга чектөө киргизген. Кийинчерээк бул чектөө жумшартылып жеңилдетилген.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Токтосунов Тургунбай
Ооба тезирек чечилгенде дурус болмок балдарыбыз ишсиз отурат
Бурулкан
Эртерээк чара корулсо жакшы болот эле, балдарыбыз жумуш жок уйдо жатып калышты
Пайизова Мундузхан Нуруевна
Туура, эртерээк чара корулсун. Интернетте билеттер арзан аны алайын десен ал мн откорушпойт экен, аэпорттон алгыла дейт анысы кымбат. Кыргызстанда жарытылуу жумуш болбогондон кийин жок дегенде Россиянын чек арасын суйлошуп беришпейби?Билеттерди арзандатып. Карантин шылтоо болду да калды.
Аалы кызы Айпери
Менин синдим мн уком 45минден 90минге сатып алып кетишти мен дагы кетишим керек срочно иштебесем балдарымды Ким карайт кете албай журом кымбат болгондуктан керек болсо ошол авиа кассаларды корсотом
Самудинов. А
Мурунтан эмне кайда карап жатышат? Эбакта эле чечиш керек эле, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылдыңар да жаман кыжырга тиесиңер, канча деген адамдар кыйналып жүрүшөт кичине болсо да колдоо көрсөтүп койсоңор боло, канча адам билетти кымбат алып жатышат Россияга эс алып жыргаганы кетип жатабызбы? Эл менен жашооңор болуп жатканын сезгиле да.