Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аида Касымалиева: Авиабилеттердин баасы шылуундардын айынан кымбаттоодо

15.01.2021 16:15
3017
Аида Касымалиева: Авиабилеттердин баасы шылуундардын айынан кымбаттоодо


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандан Орусияга учуп жаткан мигранттардын билет баасын төмөндөтүү боюнча Өкмөткө тапшырма берди. Бул тууралуу эл өкүлү Парламент радиосуна билдирди. 


Анын айтымына караганда, учурда Орусия тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу мигранттарга билеттин баасы бир топ кымбат жана керексиз документтер талап кылынып жатат.


Учурда Орусиянын шаарларына Кыргызстандан туруктуу рейстер жана чартердик каттамдар каттап жатат. Орусия өкмөтүнүн талабына ылайык, чартердик рейстер менен учкан жүргүнчүлөргө атайын документтер талап кылынат. Ал эми туруктуу рейстерде болгону акыркы үч күндө тапшырган ПЦР анализи гана керек. Башка эч кандай документ талап кылынбайт. Ага карабастан авиакассалар же башка билет саткан жарандар “Уруксат кагаз” алып беребиз деп, элден эбегейсиз акча талап кылышууда. Чындыгында ал документтер эч кимге кереги жок. Ар кандай шылтоолор менен бизнес жасап жаткан шылуундар бир билеттин баасын 70-80 миң сомго чейин сатышууда. Зарыккан эл аргасыз алууга мажбур. Бул маселени чечүү үчүн туруктуу рейстерди көбөйтүү менен билеттин баасын көзөмөлдөөнү өкмөткө тапшырма бердим. Чечүү жолу оңой эле, өкмөт көзөмөлгө алып, туруктуу каттамдарды көбөйтүп койсо болду. Бул маселе чечилмейинче аягына чейин өзүм көзөмөлдөйм. Элдин эсебинен акча жасагандарды токтотушубуз керек”, - деди Аида Касымалиева


Маалымат үчүн: Коронавирус илдетине байланыштуу Орусия мамлекетин кирип чыккандарга чектөө киргизген. Кийинчерээк бул чектөө жумшартылып жеңилдетилген.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Бексултан
Туура кыласынар
Глнара
Студент балдарыбыз да кете албай жатышат билет кымбат
Улан Аскаров
Оба тура кылат. Авиакассадан 8000-10000 сомго чейин "Основание" деген балектти шылоо кылышып баасын которушту. Анысы аз келгенсип онлайн кассалардан алынган билеттерди аерапорттордон откозбой жатышат. Ал онлайн кассалардагы билеттер авиакассалардагы билеттердин баасынан 10000 сомдой арзан болот. Ушул тараптарынада конул бурушсун.
Айдаров
Туура кыласынар! Карапайым элге кыйын болду... бул эмне деген шумдук... Россиядан Кыргызстанга 10–15 мин менен келсе болот, а Кыргыздар Россияга 50-60 мин менен аран чыгат... 4 саат учкан билеттин акчасын 4 ай иштеп аран толойсун Эртереек чара корсонор жакшы болмок !
Нури Тойчубекова.
Эртелетиңиздерчи,көпчүлүк күтүп жатат,аэропорт каракчылардын жайына айланып калды.
Каныгул жакыповна
Туура эле элди ойлогон адам барбы? Карапайым эл жыргагандан россиялап журбтйт да