Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду.
Түштөн кийин парламенттеги көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, бош калган орундарга талапкерлерди талкуулашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу вице-премьер-министрликке Аида Касымалиеванын бара турганын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан.
Бирок Касымалиева бул маалыматты төгүндөп ал кызматка барбай турганын фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Мен депутат боюнча эле иштеп жатам. Азырынча депутат катары элге пайдам көбүрөөк тийет деген ойдомун.", - деген пикирин калтырган.
Биздин ишенимдүү булактар кабарлагандай, вице-премьер-министрлик кызматка “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып жатыптыр. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигине болсо мекеменин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун талапкерлиги каралууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн