Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Касымалиева, вице-спикер: ЖКнын депутаттарын кармоо мыйзамсыз (видео)

10.06.2021 11:04
1822
Аида Касымалиева, вице-спикер: ЖКнын депутаттарын кармоо мыйзамсыз (видео)


Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду  кармоо мыйзамга каршы келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. 


Депутаттын айтымында, жаңы Конституция 5-майда күчүнө кирген, бирок депутаттарды кармоо жана камоо ошол эле мыйзамга каршы келет. 


"Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди. ЖК бул боюнча өзүнүн позициясын билдирүүгө тийиш. Мыйзамда дал келбөөчүлүк болсо, Конституция гана иштейт",- деди вице-спикер. 


Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Эсен
Мыйзамсыз кармалууда. Ар бир акыл эси ордунда, ой жугурткон инсан Асылбек Жээнбековдун камалганын мыйзамсыщ экенин билип турат
Жусуп
Асылбек Шариповичке боштондук!!!
Нурай
Асылбек Шариповичке боштондук ‼️
Анара
Асылбек Шариповичке боштондук
Болот
Саясий куугунтук болуп жатат.