Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

«Ак-Кула» ипподрому Бишкек шаарынын балансына кайтарылды, - мэрия

07.09.2020 15:11
982
«Ак-Кула» ипподрому Бишкек шаарынын балансына кайтарылды, - мэрия


Бишкек мэриясы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, жалпы аянты 54,9431 гектарды түзгөн «Ак-Кула» ипподромун шаардын балансына кайтарып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, кайсы бир убакытта жалпы аянты 57,4 гектар ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көз карандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.


"Мыйзамсыз менчиктештирип алууга байланыштуу Ленин районунун прокуратурасы жеке менчик укуктары жөнүндө мэриянын токтомдорун жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө 33 доо арызын сот органдарына берген", - деп айтылат маалыматта.


Бүгүнкү күнгө карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.


"Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объектине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат", - деп кошумчалашты мэриядан


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн