Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ак-Талаа районунда 75 млн сомго 90 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

16.08.2023 13:15
418
Ак-Талаа районунда 75 млн сомго 90 орундуу бала бакчанын курулушу башталды


Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков, райондун акими Жумадилла Жапаров жана жергиликтүү эмгек жамааттары катышты.

Ак-Тал айылындагы “Ак-Тал” бала бакчасынын имараты 1961-жылы ашар ыкмасы салынган. 2016-жылдагы жер титирөөдө бала бакчанын имараты авариялык абалга келген.

Бала бакча курууга райондук архитектура башкармалыгы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Быйыл республикалык бюджеттен 90 орундуу бала бакча куруу каралып, сметалык наркы 75 млн сомду түзгөн. Тендерди "Кайыңды М" курулуш фирмасы жеңип алып, куруу иштерин баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн