Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 15:19
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Ак-Талаа районунда коронавирус аныкталган айылдар курчоого алынды (фото)

23.05.2020 17:37
1152
Ак-Талаа районунда коронавирус аныкталган айылдар курчоого алынды (фото)


Нарын облусунун Ак-Талаа районунда коронавирус аныкталган айылдар курчоого алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, райондогу Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов жана Үгүт айылдары курчалып, посттор коюлган. Мобилдик топтор ооругандар менен контакт болгондорду аныктап, анализдер алынып абал туруктуу.


Ал эми Ак-Талаа районунда инфекцияны 18 адам жуктуруп алган. Алар Ак-Кыя айылынан 14, Баетов айылынан 2, Үгүт айылынан 2 адамдан аныкталган. Райондогу оорунун очогу Нарын облустук төрөт бөлүмүндө илдетти жуктуруп алган 2 аял менен байланышта болгон адамдардан чыкканы айтылды.


Учурда вирус табылган адамдардын бардыгы райондук ооруканада изоляцияга алынган. Алар менен контакт болгондор обсервацияга жаткырылган.


22-майда Ак-Кыя айылындагы вирус жаңы табылган 8 адам ооруканага жатып дарыланууга каршылыгын билдиришкен. Жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардыгы ооруканага алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн