Учтун айы 10, 2025
Убакыт: 17:22
USD
87.10
87.60
EUR
89.50
90.50
RUB
0.850
0.880

Ак-Талаа районунда мыйзамсыз бак кыюу фактылары аныкталды

10.01.2025 10:32
38
Ак-Талаа районунда мыйзамсыз бак кыюу фактылары аныкталды


Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мыйзамсыз бак кыюу фактылары аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 8-январда Ак-Талаа районунун Байгончок айыл аймагынын түндүк аймагында рейд жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Байгончок айылынын башчысы айылдагы 36 түп карагачты мыйзамсыз кыйганы аныкталган.

Бул факты боюнча акт түзүлүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жалпы суммасы 54 804,54 сомду түзгөн доо коюлду.

Топтолгон материалдар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн