Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:02
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ак үйдөн чыккан кызматкерлерди жакадан алган аял абакка киргизилди

05.03.2020 13:01
1024
Ак үйдөн чыккан кызматкерлерди жакадан алган аял абакка киргизилди

Жогорку Кенештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял эки айга камакка алынды.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Ак үйдөн чыккан катардагы кызматкерлерге кол көтөрүп, аларды оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеген бир нече аялдардын бири 47 жаштагы Ч.Н. аттуу жаран болуп чыккан. Учурда ал эч себепсиз мазактоого жана кол көтөрүүгө кабылгандыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылган Жогорку Кенештин кызматкерлеринин арызынын негизинде суралып жатат. Аталган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Азамат
Бул аялдар Атамбаев менен стакан кагышып жургон аялдарго.
Самат
Ажаан аялдар үйүндө отурса болмок.