Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ак үйдүн тосмосун алуу менен эмне маселе чечилет?

06.11.2020 11:50
755
Ак үйдүн тосмосун алуу менен эмне маселе чечилет?


Жогорку Кеңештин жаңыдан шайланган төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алуудан өз ишин баштады. Бүгүн, 6-ноябрда "Тазалык" муниципиалдык ишканасы темир тосмолорду бузуп, унааларга жүктөп жатат. Алар бул ишти бүтүрүүгө бир жумадай убакыт кете турганын айтууда.


Негизи Ак үйдүн курулушу 1979-жылы башталып, имарат 1985-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми анын айланасы 1996-жылы Аскар Акаев президент болуп турганда курчалган. Бирок, бул тосмо 3 президентти да сактап кала алган жок.


Кыргызстанда коронавирус күч алып, бюджетте акча жок болуп, бийликтегилер үчүн өтө чоң иштер турганда Ак үйдүн тосмосун алуу популисттик кадамдай таасир калтырууда. Эгер бул аракет менен бюджет бүтөлүп, бардык маселе чечилип кетсе бир жөн. Анын үстүнө биздин азыркы коом үчүн тосмону алуу өтө деле зарыл эмес болчу. 5 миң адам чыгып Ак үйдү басып алып жаткан доордо мамлекеттин эң жогорку чиновниктери олтурган жайды “жылаңачтап” салуу ойлонулбаган кадамдай. Эгер кайсы бир маселеге нааразы болгон тарап 500 адамды чогултап чабуул жасаса 1 саатта кайра эле имаратты басып кирип, ичин талкалап салбайт деп ким кепил боло алат? Же, андай жолго баргандарды мыйзамга такап туруп, атып салабы?


Канатбек Аскаров 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн