Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Ысык-Атада үйүн алдырып жибергендер көп экен”

01.03.2024 10:59
1951
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Ысык-Атада үйүн алдырып жибергендер көп экен”


- Акбөкөн Дүкенович, социалдык кызматкерлер бир кемпирди алдап, үйүн сатып ийишкени тууралуу детективдик тасманын сюжетин элестеткен окуяны айттыңыз эле, ал сиздин округда болгонбу?


- Ооба, Ысык-Атада болгон. Ивановка айылында жашаган бир оорукчан кемпирге убагында ата-энеси эки үй, беш гектар жер калтырып кетишкен экен. Социалдык камсыздоо кызматында иштеген шылуундар кемпирди адегенде ооруканага жаткырышат. “Бул сенин үйүң” деп коюшса, байкуш кемпир алданып жүрө берет. Анан аяктан да чыгарып, психоневрологиялык ооруканага жаткырышат. Үйүн болсо сатып ийишет. “Кол коюудан баш тартты” деп сатуу-сатып алуу боюнча келишимге да кол коюлган эмес.


Изилдеп көрсөм, ошондой тагдырга туш болгон дагы экөө бар экен. Бир кемпирди “жүрү, сага Россияны көрсөтүп келем” деп Сибирге алып барат да, ошол жакка таштап, документтерин алган бойдон кетип калат. Анын үйү да сатылып кетет. Ал байкуш өзү тияктан келалбаган соң эч ким арыз да жазбайт... 


- Анан иш эмне болуп бүттү?


- Адвокаттарды жалдап, соттоштук. Жогорку сотко чейин бардык. Азыр эми утуп, үйлөр ээлерине кайра берилгени турат. Бул билинип калгандары. Билинбегендери дагы толтура болсо керек... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн