Бүгүн Ленин райондук сотунда акча талап кылууга шектелген журналист Үмүт Мукамбетованын иши каралды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Ленин райондук сотунун судьясы Марлен Тентимишов ишти карап, Мукамбетованын күнөөсүз экени тууралуу чечим чыгарды.
Эске салсак, "Кабарлар" сайтынын редактору Үмүт Мукамбетова УКМК тарабынан акча талап кылууга шектелип кармалган жана кийин үй камагына чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн