Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Акча жана алтындарды уурдаган 25 жаштагы жаран кармалды

03.02.2022 10:34
649
Акча жана алтындарды уурдаган 25 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-август күнү Биринчи Май РИИБине С.Ж. аттуу жаран ошол эле күнү саат 10:19 чамасында Көлмө жаңы конушунда жайгашкан үйүнөн 227 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.


Бул факты Биринчи Май РИИБинде катталып, Жаза кодексинин "уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн