Теке 27, 2024
Убакыт: 06:08
USD
EUR
RUB

Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады

28.02.2024 12:40
295
Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керектигин айтты.


Анын айтымында, ал коррупционерлердин катарында.


«Азыр президент жана УКМКнын төрагасы коррупция менен активдүү күрөшүп жатышат. Буга чейин коррупционер Райымбек Матраимов тууралуу көп сөз болуп, анын айынан айрым депутаттар кызматтан кетип, тазалоо иштери дагы деле уланууда. Бирок бүгүнкү күндө алардын арасында унутта калган Сооронбай Жээнбеков дагы бар. Ал Райымбек Матраимовду саясий аренага алып чыкты. Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эсебинен жашап, мамлекеттик унаа айдап, мамлекеттин акчасын алат», — деди Акылбек Түмөнбаев.


Депутат Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эсебинен жашабашы керек деп эсептейт.


«Алмазбек Атамбаев менен Икрам Илмиянов дагы Райымбек Матраимовду колдошту. Алар дагы эле жоопко тартыла элек. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков экс-президент катары резиденцияда жашайт. Садыр Нуркожоевич аны экс-президент макамынан ажыратпайбыз деп билдирди. Мындай болбошу керек. Коррупция менен күрөш жүрсө, анда ар бир адам жооп бериши керек. Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмамбет Салиев болгон. Ал укук коргоо органдарын гана көзөмөлдөбөстөн, сот иштерине да кийлигишип, сот иштерин мыйзамсыз, мыйзамсыз иштерди мыйзамдуу кылып койгон. Эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу Икрам Илмиянов жоопко тартылган жок?” — деди эл депутаты.


Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.


«ЖЭБ жарылганда ал кезде Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган. Пандемия учурунда ал бизге жардам катары бөлүнгөн 600 миллион долларды оорулууларды дарылоого, дары-дармекке эмес, таптакыр башка нерсеге жумшады. Ошондо канча адам өлдү», - деп жыйынтыктады эл өкүлү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн