Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров: 2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жана пенсияны көтөрүү пландалган жок

24.11.2022 14:19
741
Акылбек Жапаров: 2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жана пенсияны көтөрүү пландалган жок

2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча жооп берүүнү суранды.


"Азыркы учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөм берилди. Бирок биз бул сумманы азайтып, айлыкты көтөрсөк болот. Анда пенсияга чыккан укук коргоо органдарынын пенсиясын төмөндөтүш керек болуп калат. Анын үстүнө жакынкы бир-эки жылда пенсияга чыккан кызматкерлердин саны кызмат кылып жаткан кызматкерлер менен саны теңелет. Анда бизди азыркыдан да оор абал күтөт",- Жапаров.


Акылбек Жапаров кийинки жылы пенсияны да көтөрүү планда жок экенин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн