Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен жолугушту

26.08.2022 08:51
686
Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.


"Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылдын жаз айындагы Азербайжан Республикасына расмий сапары эки тараптуу мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдү. Бул биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары шексиз. Эки өлкөнүн жетекчилеринин тапшырмасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Баку шаарында өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны ийгиликтүү өттү. Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө толугу менен берилгендигине ишендиргим келет", - деди ал.


Акылбек Жапаров 2023-2024-жылдары эки республикада маданияттын декадасын өткөрүү, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин Баку шаарында түбөлүккө калтыруу, кыргызстандык студенттерге Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында, анын ичинде агрардык, чек ара, мунай жана дипломатиялык аймактарда окууга квота берүү биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын духуна салым кошоруна ишенимин билдирди.


Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр экендигин белгиледи.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн