Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:16
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Акылбек Жапаров Дубайга иш сапары менен келди

13.12.2021 14:47
818
Акылбек Жапаров Дубайга иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.


Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн