Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө экономика, тоо-кен, каржы жана инвестиция тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Анда Акылбек Жапаров энергетика, транспорт жана ирригация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү фактор экенин айтып, колдоо көрсөтүү жана каржылоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын тажрыйбасын эске алуу менен кызматташуунун алкагында ири көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуулугун билдирди.
Өз кезегинде ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан, Кыргызстан менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, азыркы учурда ЕРӨБ 10 долбоордун алкагында иш алып барып жатканын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн