Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров Казакстандын жаңы өкмөт башчысын куттуктады

11.01.2022 17:01
1029
Акылбек Жапаров Казакстандын жаңы өкмөт башчысын куттуктады

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстан Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтараарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», - деп айтылат куттуктоодо.


Министрлер Кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин 2022-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Акылбек Жапаров Алихан Смаиловго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн