Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

05.09.2024 18:52
244
Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Минитрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» жаңы өткөрүү пункту ийгиликтүү ачылганын белгиледи.

"Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы өткөрүү пунктунун тарыхый ачылышы менен биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тарыхтын жаңы барагын ачып жатабыз деп ишенем. Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин өнүгүүсүнө кызмат кыла турган бардык пландаштырылган биргелешкен долбоорлорду биргелешип ишке ашырабыз деген ишенимди билдирем", - деген Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын жыйыны Кытайда өтөөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Кытай элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандынн Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады. Ал эки өлкөгө соода-экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн оң темптерин өзгөчө белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн