Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Акылбек Жапаров: Кийинки жылы аз алган бюджет кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

21.11.2023 13:12
211
Акылбек Жапаров: Кийинки жылы аз алган бюджет кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт


Кийинки жылы аз айлык алган мамлекеттик кызматкерлердин маянасын теңегенге аракет кылабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Айбек Алтынбеков бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын канчага көтөрүү пландаштырылып жаткандыгына кызыкты.

Акылбек Жапаров эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, бюджеттик уюмдарга маяна көтөрүлгөндүгүн айтты. "Жакшы эле көтөрдүк. Бюджеттеги каражатты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумшоону пландап жатабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы. 

Депутат кайрадан сөз алып, айлык акы көтөрлүгөндүгүнө карабастан азыркыга чейин айрым кызматкерлер 7 миң, 14 миң жана 20 миң сомдон алып жатканын кошумчалады. 

"Биз маянаны теңегенге аракет кылабыз, алгач аз алган кызматкерлердин айлыгын көтөрүш керек. Аз алгандардын айлыгы көтөрүлүшү керек. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров да койгон. Мамлекет башчысы 70 миң сомго чейин алгандардыкын азырынча көтөрбөгүлө деген", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн