Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн канча каражат түшкөнүн айтты

24.11.2022 12:19
407
Акылбек Жапаров Кумтөрдөн канча каражат түшкөнүн айтты

Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке 2022-жылдын 10 айынын ичинде 26,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Кумтөр алтын кени Кыргызстандын карамагына толук өтүп, беш арбитраждык соттун баары жыйынтыкталды.


“2010-2021-жылдары 11 жылда 90,8 млн доллар (5,3 млрд сом) суммасында Кыргызстанга дивиденддер төлөнгөн. Ал эми 2022-жылдын 10 айында эле Кумтөр кенинен салык, салыктык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдөн суммасы 26,5 млрд сом түздү”, - дейт ал.


Жапаров 2021-жылы 10 тонна алтын Кыргызстанда калса, 2022-жылы 17,2 тонна алтын каларын маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн