Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров Украиндагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын позициясы тууралуу айтты

24.03.2022 11:05
407
Акылбек Жапаров Украиндагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын позициясы тууралуу айтты

Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров антикризистик чараларды көрүү боюнча жыйында Украиндагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын позициясы тууралуу айтты.


Анын айтымында, эки өлкө тең Кыргызстан үчүн тарыхы бир өлкө.


"Биз өткөн кылымда башыбызга кандай сыноо келбесин азыр бири-бирине каршы чыгып жаткан өлкө менен чогуу өткөрдүк.

Биздин коом дагы Украиндагы кырдаалга байланыштуу экиге бөлүндү. Алар өздөрүнүн көз карашы жана дүйнө таанымына жараша ойлонууда.


Биз дүйнөдө кичинекей өлкө катары абалды турукташтырууга таасирибиз жетишсиз. Ошондой болсо да биз эки боордош өлкөнүн ортосундагы келишпестикти жоюуга ортомчу болууга даярбыз",- деди Жапаров.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн