Тогуздун айы 08, 2024
Убакыт: 22:47
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхен шаарына барат

08.10.2024 18:38
19
Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхен шаарына барат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына барат.

Сапардын алкагында ал Мюнхенде өтүүчү "Кыргызстандын экономика күнү" деген темасындагы кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле, Мюнхен шаарында болгон учурунда минкаб башчысы Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле ар кандай ишканаларды кыдырат.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда "Кыргызстандын экономика күнү" форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн