Теке 02, 2024
Убакыт: 12:23
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү

14.06.2024 09:52
208
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын күн тартибинде 14 маселе коюлуп, мындан тышкары мамлекеттик органдардын бирдиктүү стили боюнча баяндама жасалды.

Минкаб башчысы жыйындын башында жаңы эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотованы жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун презентациясы боюнча Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун ийгиликтүү өтүшүнө токтолуп, форумдун жыйынтыгында Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлүп, анын курамына эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрү киргенин белгиледи.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүн минкаб жыйынына дыкат даярданууга чакырды, атап айтканда, негизги көңүл, минкаб башчысынын айтымында, "бөлүмдүн саясатын жана ишмердүүлүгүн чагылдырган долбоорлорго бурулууга тийиш, андан соң гана күндөлүк маселелерди чечүү керек".

Андан ары минкаб мүчөлөрү жыйындын күн тартибин кароого өтүштү.

Ошентип, министрлер кабинетинин чечими менен кепилденген аманат суммаларын төлөөнүн шарттарынын тартиби бекитилди.

Бул Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын, ошондой эле мурдагы СССРдин жарандарынын накталай акчалай аманаттарын, аманатчы 1992-жылдын 1-январына карата өзүнүн эсебинен акча каражаттарын алып салганына же өзүнүн жеке эсебин жапкандыгына карабастан, тийиштүү коэффициенттерди колдонуу менен алардын баланстарын индексациялоо жолу менен калыбына келтирүү.

Мындан тышкары, бул чечим менен «РСК Банк» ачык акционердик коому министрлер кабинетинин Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле мурдагы СССРдин жарандарынын накталай акча каражаттарын калыбына келтирүү боюнча агенти болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин башка чечими менен Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан кинотеатрдын имараты жана жер тилкеси Өзгөн шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өттү.

Айта кетсек, кинотеатрдын имараты 1974-жылы пайдаланууга берилип, ошондон бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн полдору чирип, шыбактары сыйрылып калган.

Бүгүнкү күндө шаардагы жападан жалгыз кинотеатр кино көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн капиталдык оңдоону талап кылууда. Кинотеатрдын Өзгөн шаарынын мэриясынын карамагына өтүшү жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, 2024-2025-жылдары пайдаланууга берүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин чечими менен "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алынды.

Документ Ош шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, көмүртектин чыгышын жана булганышын азайтуу, “жашыл” жумуш орундарын жана калктын жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жеке инвестицияларды тартуу жана Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдардын бирдиктүү дизайны, атап айтканда расмий-иш бланкалар, логотиптер, папкалардын дизайны ж.б.у.с. презентация кылынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн